23.05.23

Түркмөнстанда 2023-жылдын март айына карата, Казакстандык компаниялардын катышуусу менен 53 даана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу “Нейтральный Туркменистан” гезити маалымдады.

Мындан тышкары, эки мамлекеттин чектеш аймагында жайгашкан, Казакстандын Мангистау облусунда  Түркмөнстандын  капиталынын катышуусу менен эл чарбасынын ар түрдүү тармактарында 16 биргелешкен ишкана иштейт.

Маалыматка ылайык, Түркмөнстан менен Казакстан жакынкы келечекте өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшүн 1 миллиард долларга жеткирүү максатын коюшту.

Казакстанга негизинен пахтадан жасалган буюмдар, текстиль, даяр трикотаж, түрдүү кийим-кечектер, химиялык була, минералдык жер семирткичтерден турган товарлар экспорттолот.

Казакстандан Түркмөнстанга буудай уну, мебель, технологиялык жана электрондук жабдуулар жана башка товарлар алынып келинет.

Түркмөнстан жана Казакстандын эки тараптуу мамилелеринде энергетика жана транспорттук-коммуникациялык долбоорлор стратегиялык мааниге ээ болуп саналат.

Транспорт тармагындагы натыйжалуу кызматташтыктын конкреттүү натыйжасы катары “Казакстан-Түркмөнстан-Иран” темир жолу болуп саналат. Аталган темир жол “Түндүк-Түштүк” эл аралык транзиттик коридорунун эң маанилүү звеносу болуп калды.

https://business.com.tm/ru/post/10270/turkmenistanda-kazakistanl%C4%B1-shirketlerin-kat%C4%B1l%C4%B1m%C4%B1yla-53-yat%C4%B1r%C4%B1m-projesi-hayata-gechiriliyor