20.06.23

Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасында 2023-жылдын 15-17-июнь күндөрү,  Кыргызстан жана Түркмөнстандын ишкерлеринин жолугушуулары болуп өттү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, эки өлкөнүн ишкерлери биргелешкен ишмердүүлүктүн түрдүү багыттарында кызматташуу боюнча жыйырмадан ашык документке кол коюшту.

“Кыргызстан-Түркмөнстан” тегерек столу, Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги, Кыргызстандын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиги жана Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулду.

Жолугушууга кыргыз тараптан тамак-аш, IT, текстиль жана тигүү тармагындагы 17 компаниянын, ошондой эле курулуш материалдарын жана мунай химиясын чыгарган ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага түркмөн тараптан курулуш материалдарын чыгарган, транспорт жана логистикалык кызматтарды көрсөткөн 40 компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле IT тармагында, тамак-аш жана өнөр жай тармагында иштегендер катышты.

https://kabar.kg/news/biznesmeny-kyrgyzstana-i-turkmenistana-podpisali-bolee-20-dokumentov-o-sotrudnichestve/