16.09.23

Түркмөнстан жана Венгрия өз  ара элчиликтерди ачуу боюнча  макулдашууга жетишти. Мындай келишим, бейшемби күнү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Экономика жана соода министрлеринин жыйынына катышуунун алкагында жетишилди.

Венгриянын премьер-министринин эл аралык мамилелер боюнча статс-катчысы Золтан Ковачтын билдиришинче, бул кадам Венгриянын уюмга мүчө болгон бардык өлкөлөрдө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу жөнүндөгү милдеттенмесинен кийин жасалды.

Жолугушууда, Венгриянын Тышкы иштер министри Петер Сийярто Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Түрк мамлекеттеринин уюму (ТМУ) негизги ролду ойной тургандыгын билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын август айында, Будапешт шаарында Түркмөнстан менен Венгрия ортосунда газ жеткирүү боюнча макулдашууга жетишкен болучу.

https://business.com.tm/ru/post/10776/turkmenistan-i-vengriya-dogovorilis-o-vzaimnom-otkrytii-posolstv