28.09.2023

Жаңы “Ашхабат - Түркменабат” автомагистралы, Өзбекстан менен болгон транспорттук байланышты өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.  Бул тууралуу, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин алдындагы Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директору Мамметхан Чакыев дүйшөмбү күнү «Нейтральный Туркменистан» гезитине жарыяланган макаласында билдирди.

Маалыматка ылайык, 600 чакырымдык автожолдун курулушу өлкөнүн жол инфраструктурасынын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга олуттуу мүмкүнчүлүк түзөт. Бул логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана ылдамдыгын жогорулатууга алып келет, ошондой эле Түркмөнстандын аймагы аркылуу ташылган жүктөрдүн көлөмүн олуттуу көбөйтүү жана жүктөрдү ташууларды тездетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Өлкөнүн чыгыш аймагын борбору менен бириктирген жана “Ашхабад-Түркмөнбашы” автожолу менен байланыштырган экспресс жолдун курулушу жүк ташуучу унааларга, “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз портуна кирүү жана ал жерден деңиз аркылуу Кавказга, Европага, Россиянын түштүк аймактарына, Ирандын түндүгү, Перс булуңуна жана Оманга чейин товар жеткирүүгө жол ачмакчы.

https://business.com.tm/ru/post/10827/avtomagistral-ashhabadturkmenabat-posposobstvuet-razvitiyu-transportnogo-soobshcheniya-s-uzbekistanom