05.10.23

Шаршемби күнү Ашхабадда Түркмөнстандын  Министрлер кабинетинин төрагасынын Соода комплекси жана текстиль өнөр жайы боюнча орун басары Батыр Атдаев, Азербайжандын Экономика министри Микаил Жаббаров баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Бул тууралуу, Азербайжандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, “Түркмөнстан-Азербайжан” Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын алдыдагы жыйынын уюштуруу жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, Азербайжандын Экономика министри Микаил Жаббаров Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Түркмөнстан менен Азербайжандын ортосундагы өз ара пайдалуу эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнүн динамикалык мүнөзүн белгилешти. Анын алкагында соода-экономикалык, энергетика, мунай-газ, транспорт, транзиттик жана айыл чарба тармактары сыяктуу тармактарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

https://business.com.tm/ru/post/10860/turkmenistan-i-azerbaidzhan-namereny-razvivat-biznessotrudnichestvo