05.10.23

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов. шаршемби күнү Ашхабадда Азербайжандын Экономика министри Микаил Жаббаровду кабыл алды. Бул тууралуу Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары билдирди.

Мамлекет башчы бул сапардын алкагында боло турган жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө чоң салым кошоруна ишенимин билдирди.

Сердар Бердымухамедов: “Биздин өлкөлөр аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында, биринчи кезекте БУУнун алкагында ийгиликтүү кызматташат. Бул өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө, биз туруктуу өнүгүү максаттарыбызга жетүү жана глобалдык коопсуздукту камсыздоого багытталган демилгелерди өз ара колдообузду көрсөтөбүз”, - деп  белгилеп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, маектешүүлөр тең укуктуулук, ишеним жана өз ара түшүнүшүү принциптерине негизделген мамлекеттер аралык диалогдун жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти.

https://business.com.tm/ru/post/10858/serdar-berdimuhamedov-azerbaycan-ekonomi-bakan%C4%B1n%C4%B1-kabul-etti