13.10.23

Октябрь айынын башында, Түркмөнстанга Казакстандан бизнесмендерден турган делегация келди. Анын курамында Казакстанга таандык  30 компаниясынын өкүлдөрү бар. Алты күндүк сапардын жыйынтыгында 3 миллион долларга бааланган келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу «inbusiness.kz” сайты билдирди.

Түркмөнстандын Казакстандагы элчилигинин көмөгү жана “Астана” дипломатиялык клубу тарабынан уюштурулган бизнес-миссиянын негизги максаты; соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн негизги маселелери болгон, транзиттик потенциалды жана логистиканы өнүктүрүү, химиялык өнөр жай, айыл чарба, тыгыз инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Казак тарап, Түркмөнстандын транспорттук инфраструктурасын казакстандык товарларды экспорттоо үчүн негизги транзиттик хаб катары пайдаланууга кызыкдар экенин билдирди. Бул жагынан чоң перспективалар ачылып жатат. Ашхабаддын логистикалык хабын пайдалануу менен  Казакстан жана Афганстандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү өсүп жаткан учуру. Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосунда соода жүгүртүү 1 миллиард долларга жетип, 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөн.

“Казакстан-Түркмөнстан-Иран” темир жол каттамы, Чыгыш Азия менен Перс булуңунун өлкөлөрүнүн ортосундагы эң кыска жол болгондуктан, анын бардык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга чоң үмүт бар. Былтыр Казакстандан Түркияга Түркмөнстан жана Ирандын аймагы аркылуу биринчи контейнердик поезд жөнөтүлгөн. Жаңы логистикалык жол 12 күндүн ичинде 6 миң километрден ашык жолду басып өтүүгө мүмкүндүк берет.

Түркмөн тарап казак товарларынын өз аймагы аркылуу өтүшү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле Казакстандын делегациясы, “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз портунун ишмердүүлүгү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

https://turkmenportal.com/blog/68372/kompanii-kazahstana-zaklyuchili-s-turkmenistanom-predvaritelnye-dogovory-na-3-mln