24.11.23

Ашхабадда 27-28-ноябрда өкмөттөр аралык Түркмөнстан-Азербайжан комиссиясынын кезектеги жыйыны жана биргелешкен бизнес-форум өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу, Түркмөнстандын “Алтын Асыр” телеканалы билдирди.

Аталган иш-чарага мунай жана газ өнөр жайы, текстиль өнөр жайы, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, курулуш, фармацевтика, транспорт, логистика тармагы жана маалымат технологиялары боюнча адистешкен компаниялар катышат.

Форумдун жыйынгтыгында төмөндөгү документтерге кол коюлары күтүлүүдө

Эксперттердин айтымында, Азербайжан 2022-жылдан бери Ирандын катышуусу менен үч тараптуу газды алмашуу келишиминин негизинде түркмөн газын импорттоп келет.

Дүйнөлүк рыноктордогу энергетикалык кризистин фонунда, Түркмөнстандан Азербайжанга, Түркияга жана Европага көгүлтүр отун ташып жеткирүү үчүн пландалган “Транскаспий газ куруу” долбоору учурда актуалдуулугун арттырууда  жана бул добоорго кызыккан тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда.

Ошондой эле, Азербайжан жана Түркмөнстан “Lapis-lazuli” (Афганистан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Түркия) жана “Каспий денизи-Кара дениз” сыяктуу эл арлык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча долбоорлорду талкуулашат.

Азербайжан тараптын берген маалыматы боюнча, 2023-жылдын январь-августа айлары аралыгында, Азербайжан жана Түркмөнстандын арасындагы өз ара сооданын көлөмү 644,767 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүч, өткөн жылга салыштырмалуу эки жарым эсеге көпттүк кылат.

https://daryo.uz/ru/2023/11/21/v-ashabade-projdut-peregovory-s-azerbajdznskimi-kompaniami-v-prioritete-energetika-tekstil-i-agroprom