24.11.23

Бейшемби күнү Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматынын, Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин жана Түркиянын Соода министрлигинин өкүлдөрү онлайн аркылуу үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар товарлар жана жүк ташуучу унаалар боюнча маалымат алмашуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу, Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Жолугушуу Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматынын демилгеси менен Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркия мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн ортосунда “Биргелешкен кеңешме” түзүү жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында болуп өттү.

Жыйында буга чейин 2022-жылдын 14-ноябрында, Түркмөнбашы шаарында кол коюлган, өз ара маалымат алмашуу аркылуу бажыдан өтүүчү транзиттик жүктөрдү жоболоштурууну тездетүүнү жана жөнөкөйлөтүүнү караган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча мындан аркы аракеттер жана милдеттер белгиленди.

Мындан тышкары, тараптар жакынкы аралыкта “Биргелешкен консультативдик” топтун мүчөлөрү тууралуу маалымат алмашууну макулдашты жана биргелешкен комиссиянын биринчи отурумун өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө чечим кабыл алышты.

https://business.com.tm/ru/post/11070/turkmenistan-azerbaidzhan-turciya-obsudili-obmen-tamozhennymi-dannymi-po-tranzitnym-gruzam