01.12.23

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында, үстүбүздөгү жылдын 6-8-декабрында өтө турган экспорттук товарларга арналган жарманкесине,  Түркиянын түрдүү тармактарда иш алып барган 100 жакын  фирмаларынын катышуусу күтүлүүдө.

Бул тууралуу, бейшемби күнү өкмөттүн кезектеги онлайн жыйынында, Түркмөнстандын Соода комплекси жана текстиль өнөр жайы боюнча вице-премьер-министр Батыр Атдаев билдирди.

Мындан тышкары, вице-премьер-министр Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык “Түркмөнстан-Түркия комиссиясынын” жетинчи жыйынына, “Экспорттук товарлардын жарманкесине” жана “Бизнес-форумга” болгон даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Вице-премьер билдиргендей, жарманкеде өнөр жай ишканалары үчүн технологиялык жабдууларды  чыгаруу, курулуш жана айыл чарба техникалары, суу тазалоочу жабдуулар жана суу менен камсыздоо системалары, жылытуу, желдетүү жана муздатуу, турмуш-тиричилик техникалары, жуучу каражаттар, эл керектөөчү товарлар жана ошондой эле банк ишинде кызмат көрсөтүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу түрүү тармактарда иштеген компаниялар катышат.

Баяндаманы уккан президент Сердар Бердымухамедов, Түркия мамлекети Түркмөнстандын жакын өнөктөшү экенин баса белгилеп, вице-премер-министрге алдыда боло турган иш- чараларга тийиштүү даярдык көрүүнү тапшырды.

https://business.com.tm/ru/post/11101/ashkabattaki-turk-%C4%B0hrach-urunleri-fuar%C4%B1na-yaklash%C4%B1k-100-turk-shirketi-kat%C4%B1lacak