06.12.23

Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасына караштуу Экспо борборунда 6-декабрда, Түркиянын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Ачылыш аземине катышкандар, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун жолдогон куттуктоосун угушту.

Президент жолдогон куттуктоодо: “Жарманке жана анын алкагында уюштурулган бизнес-форум, Түркмөнстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдө жана товар жүгүртүүнү көбөйтүүдө, ошондой эле Түркиянын компаниялары жана инвесторлору менен болгон байланыштарды өстүрүүдө, улуттук экономикага капиталды активдүү тартууда маанилүү роль ойнойт деп ишенем” - деп айтылат.

Түркиянын товар өндүрүүчүлөрүнүн келечектүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө багытталган бул жарманке, жаңы муундагы технологиянын алдынкы тажырыйбалары жана өнүгүүлөрү менен бөлүшүү үчүн натыйжалуу платформа болуп калмакчы.

Ири масштабдуу жарманке, Түркмөнстандын менен Түркиянын ишкер чөйрөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдейт. Көргөзмөдө, Түркиянын 100 ашык товар жана кызмат көрсөтүүчү өндүрүүчүлөрү өз продукцияларын төмөнкү багыттар боюнча көрсөтүштү: өнөр жай иш каналары үчүн технологиялык жабдуулар, курулуш жана айыл чарба машиналары, суу тазалоочу жабдуулар, желдетүү жана муздатуу, тиричилик техникасынын ар кандай түрлөрү, жуучу каражаттар жана жалпы керектөөчү товарлар. Ошондой эле бул жарманкенин алкагында “Түркмөнстан-Түркия” бизнес форуму дагы өткөрүлөт.

https://turkmenportal.com/blog/70946/v-ashhabade-otkrylas-vystavka-eksportnyh-tovarov-tureckoi-respubliki