Түркменистан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстанга Каспийдеги порттордун инфраструтурасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн иликтөөнү сунуштады.

Газета.uz маалыматына ылайык, муну ал дүйшөмбү күнү  журналисттерге берген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев  менен Ташкентте өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу билдирүүсүндө айтты.

“Түркмөнстан Өзбекстан менен Түркмөнстан - Каспий - Түштүк коридору - ЕС жана Жакынкы Чыгыш рынокторуна чыгуучу коридор түзүү боюнча чогуу иштөөгө даяр” -, деп билдирди Гурбангулы Бердымухамедов.

Түркмөн лидери Шавкат Мирзиёевди 2-май күнү Түркмөнбашыда өтө турган эл аралык деңиз портунун ачылышына чакырды.

Гурбангулы Бердымухамедов  буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга чакырып, Казакстан - Өзбекстан - Түркмөнстан - Иран – Оман багыты менен Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгышты байланыштырган  жол транспорттук коридор уюмуна токтолду.

"Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык бүгүнкү күндө жанданууда, мен Борбор Азиядагы туруктуулуктун жана позитивдүү өнүгүүнүн стратегиялык фактору катары белгилейт элем. Бул, биринчи кезекте, Азияда жана эл аралык шериктештик аренасында чыр-чатаксыз жана эркин аймакты түзүүдө - узак мөөнөттүү стабилдүүлүктүн ишенимдүү байланышы", - деп белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Ооганстандагы кырдаалга көңүл бурду. Гурбангулы Бердымухамедов  Түркмөнстандын тынчтык жолу менен саясий каражаттар жана эл аралык экономикалык интеграцияга кошулуу аркылуу Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууну колдоорун билдирди.

"Буга ылайык, ТАПИ долбоорун (Түркмөнстан - Ооганстан - Пакистан - Индия газ куурлары, бул долбоорго Өзбекстан да кошулууда ред.) ишке ашыруу, Түркмөнстан - Ооганстан - Пакистан электр линияларын өткөрүүдө жана була-оптикалык линиялык байланышты түзүүдө, ошондой эле Серхетабат – Тургунди темир жолун курууда  маанилүү " , - деп белгиледи ал.

Түркмөнстандын президенти мамлекеттик иш сапары менен Өзбекстанга келди. 24-апрелде  Гурбангулы Бердымухамедов Хорезм облусуна барышы күтүлүүдө.