07.12.23

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз 6-декабрда Ашхабатта өткөн “Түркмөнстан-Түркия” бизнес форумунун алкагында, Түркмөнстан жаратылыш газын жана электр энергиясын дүйнөлүк рынокко чыгарууда, Түркия мамлекети көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу, “CentralAsia.news” маалымат агенттигинин Түркмөнстандагы кабарчысы билдирди.

Эки өлкөнүн карым-катнашынын өнүгүү динамикасын баса белгилеген Жевдет Йылмаз, Түркия менен Түркмөстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылы 2 миллиард долларга жеткенин эске салды. Ошондой эле анын билдирүүсүнөн, быйылкы жылдын алгачкы 11 айынын ичинде эки тараптуу сооданын көлөмү 2,5 миллиард долларга чейин өскөнүн жана 2023-жылдын аягында, соода жүгүртүү 3 миллиард долларга жакын болушу күтүлүп жаткандыгы белгилүү болду.

Жевдет Йылмаз: “Биздин өлкө башчыбыз, бизге соода жүгүртүүнү беш миллиард долларга жеткирүү боюнча жаңы милдет койду. Биз жакынкы арада ишкерлердин аркети менен бул көрсөткүчкө жетерибизге ишенем” - деп белгилеп өттү.

https://centralasia.news/25524-turcija-gotova-sodejstvovat-v-prodvizhenii-gaza-iz-turkmenistana-na-mirovye-rynki.html