06.12.23

Ашхабад шаарында 6-декабрь күнү, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Түркиянын вице-президенти, Экономикалык кызматташтык боюнча “Түркмөнстан-Түркия” өкмөттөр аралык комиссиясынын Түркия тарапбынан төрагасы Жевдет Йылмазды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө, өз ара инвестиция маселелери талкууланды.

Вице-президент соцтармактарда билдиргендей, көрүшмө учурунда эки тараптуу кызматташуунун аспектилери, соода-экономикалык ишмердүүлүктөр жана товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү саясатын талкуулашты.

Жевдет Йылмаз: “Биздин иш сапарыбыз бир туугандык мамилелерге негизделген, Түркмөнстан менен экономикалык, социалдык жана маданий мамилелерибизди мындан ары да бекемдейт деп ишенем жана Түркмөнстандын президенти Бердымухамедовго жылуу меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирем”, - деп белгилеп өттү.

https://business.com.tm/ru/post/11125/serdar-berdymuhamedov-i-viceprezident-turecii-obsudili-voprosy-vzaimnyh-investicii