15.01.24

Түркмөнстан жана Өзбекстан эки өлкөнүн аймагы аркылуу эл аралык товар ташуучулар үчүн виза алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча, өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна кол коюуну тездетүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу, ишемби күнү “Turkmenawtoulaglary” агенттиги билдирди.

Бул маселе шаршемби күнү онлайн форматында өткөн, Түркмөнстан менен Өзбекстандын автотранспортчулары тарабынан, товарларды эл аралык ташуу учурунда алынуучу салыктар жана төлөмдөр маселелери боюнча эки өлкөнүн биргелешкен эксперттик жумушчу тобунун жыйынында каралды.

Жолугушууда ошондой эле эл аралык жүк ташуу процессинде, эки өлкөнүн жүк ташуучуларынан алынуучу салыктарды жана төлөмдөрдү оптималдаштыруу жана келечектеги кызматташуунун максаттары талкууланды.

Түркмөнстан тарап, реалдуу убакыт режиминде, уруксат бланктарын электрондук түрдө алмашууну караган “E-permit”   системасына өтүү боюнча, Өзбекстандын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.

https://business.com.tm/ru/post/11270/turkmenistan-ile-ozbekistan-uluslararas%C4%B1-nakliyeciler-ichin-vize-prosedurlerini-basitleshtirmeyi-planl%C4%B1yor