16.01.24

Стамбулда Түркмөнстандын Түркиядагы Башкы консулу Мухамметнур Овезов менен Стабул шаарынын мэри Давуд Гүлдүн 15-январь күнү жолугушуусу болуп өттү. Көрүшмө учурунда, эки өлкөнүн Аркадаг жана Стамбул шаарларынын ортосундагы боордоштук мамилелердин түзүү жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Түркмөнстандын Түркиядагы башкы консулдугунан билдиришкендей, жолугушууда тараптар соода-экономикалык, билим берүү жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Мухамметнур Овезов Түркмөнстан бир тууган элдер менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, Стамбулдун мерине, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун “Жаштар мекендин тиреги” аттуу жаңы китебин белекке берди. Жолугушууда Түркмөнстанда “Магтымгулы Фраги акыл булагы” жылы деп жарыяланганын жана анын негизинде, 2024-жылга карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн планы боюнча да пикир алмашуу болуп өттү.

https://business.com.tm/ru/post/11272/obsuzhdeny-voprosy-ustanovleniya-pobratimskih-svyazei-mezhdu-gorodami-turkmenistana-i-turcii