24.02.24

Түркмөнстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү 2024-жылдын 19-23-февраль күндөрү, Казакстанга болгон ишкердик боюнча иш сапарынын алкагында “Астана-Технополис” эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) индустриалдык паркынын ишканаларында болушту. Түркмөнстандан келген ишкерлерди текстиль жана курулуш битумунун өндүрүшүн, аталган    эркин экономикалык аймактын (ЭЭА) ичине жайгаштыруу жана кийин бул продукцияны Казакстанга сатуу мүмкүнчүлүгүн кароо болду.

Түркмөнстан ишкерлеринин делегациясынын курамында, текстиль өнөр жайы жана курулуш материалдарын өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү болду. Бул тууралуу, Казакстандын Түркмөнстандагы элчилиги жума күнү билдирди.

Бизнес-турдун алкагында, түркмөн ишкерлери Астана шаарынын Инвестицияларды жана ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилиги менен ошондой эле “Астана Инвест Сити” инвестициялык өнүктүрүү борбору жана “Астана өнүктүрүү борбору” өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда түркмөн ишкерлерине борбор калаанын атайын экономикалык аймагынын алкагында, инвестициялык келишим боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери тууралуу маалымат берилди.

Түркмөнстан менен Казакстандын ишкерлери инвестициялык кызматташуу, курулуш, химиялык өндүрүш жана инновациялык мейкиндикке байланыштуу маселелерди кеңири талкуулашты. Казакстан тарап инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда Түркмөнстан тарапка ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле түркмөн ишкерлери “Kazakh Invest” улуттук компаниясынын жана “QazTrade” соода саясатын өнүктүрүү борборунун жетекчилиги менен жолугушуп, казакстандык ишкерлер менен “B2B” форматында жолугушууларды өткөрүштү.

https://business.com.tm/ru/post/11452/turkmenskie-predprinimateli-zainteresovany-v-proizvodstve-tekstilya-i-bituma-v-kazahstane