- Подробности
01.06.23
Бишкекте Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын энергетика ведомстволорунун жетекчилери 6-январь күнү “Камбар-Ата ГЭС-1” биргелешип куруу боюнча макулдашышты. Бул тууралуу “Liter.kz.” маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
29.12.22
Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинде 28-ноябрда өткөн жыйындын жыйынтыгында, жооптуу кызматкерлерге, Өзбекстан-Түркмөнстан чек ара соода аймагын ишке киргизүүнү тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.
- Подробности
28.12.22
Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжан автоунаа өнөр жайын бириктирүү чечимине келишти. “Түрк автоунаа өнөр жайы” деп аталган жаңы бирикмени Өзбекстанга таандык “UzAuto Motors” компаниясы жетектейт. Аталган компания Казакстанда “Chevrolet Onix” маркасындагы автомобилдерин өндүрүү боюнча келишимге кол коюшкан. Ошондой эле кийинчерээк, Азербайжанда дагы Өзбекстанга таандык маркадагы автоунааларды өндүрүү иштери башталмакчы.
- Подробности
26.12.22
Казакстандын Соода жана интеграция министри Серик Жумангарин, Казакстан өзүнүн 411 миллион долларга бааланган продукциясынын 80 жакын түрүн, Пакистандын базарларына экспорттоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
26.12.22
Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри Жамшид Ходжаев 24-декабрь күнү, Бакуга болгон иш сапарынын алкагында, Азербайжандын Вице-премьер-министри Шахин Мустафаев менен жолугушту.
- Подробности
23.12.22
Түркия бир жылдын ичинде, Европага жаратылыш газын жеткирүү үчүн энергетикалык хаб түзүү долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат. Бул тууралуу, шаршемби күнү “Daily Sabah” гезити, Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Донмездин билдирүүсүнө шилтеме берип жазып чыктты.
- Подробности
22.12.22
Транспорттук-логистикалык борбордун курулуштун баштоо аземине 22-декабрь күнү, Ташкент шаарында президенттер Касым Жоомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев катышышты.
- Подробности
22.12.22
Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев биргелешкен объектилердин курулушун баштоо аземине катышышты. Бул тууралуу, “Акорда” маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
12.21.22
Ташкент шаарында, Өзбекстан жана Казакстандын ишкерлеринин “Бизнес-форуму” өтүүдө. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри Жамшид Ходжаев билдирди.
- Подробности
12.20.22
Өзбекстан жума күнү Түркмөнстан аркылуу өткөн “Орто коридор” деп аталган, Транскаспий эл аралык транспорт жолу (ТМТМ) менен биринчи жолу, Европага контейнердик поезд жөнөттү. Бул тууралуу, дүйшөмбү күнү “Өзбекстан темир жолдору” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.