14 Апрель 2017

Доц. Док. Камалбек Карымшаков

Семинарда акыркы жылдары  иммиграция чөйрөсүндө болуп жаткан өзгөрүүлөр боюнча изилдөөлөр жүргүзүлдү. Айрыкча, кыргыз иммигрантарынын кирешелеринин кандай максаттарга жумшалып жатканы жана экономикага кандай пайда алып келе тургандыгы жөнүндө маселелер талкууланды.

16 Март 2017

2017-жылдын 16 март  Кыргыз-Түрк Манас Университетинин социалдык курулуштар имаратында

9-март 2017

2017-жыл, 9-мартта, уюштурулган семинарга Туркиянын кызматташтык жана өнүгүү агенттигинин (TIKA) Кыргызстандагы офисинин координатору Еврен Рутбил “Кыргызстанда TIKA аракеттери” жөнүндө кеп кылды.

Өз сөзүндө Еврен мырза 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүгун алгандан, ушул күнгө дейре TIKA ар тармактарда кызматташып, колдоо көрсөтүп келүүдө деп билдирди. Коногубуз, максаты киреше болбогон, Туркиянын өкмөт башчысына караган, ошондой

эле Туркия мамлекетинин бюджетинен каржыланган TIKA нын иш аракеттерин, бир тууган өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө багытталганын баса белгиледи. Координатор Кыргызстанда, Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейин реконструкциялоо иштери (кайрадан оңдоо), Ош шаарына оорукана куруу, Ноокат районуна суу чыгаруу, Нарын областына чакан клиникаларды куруу, эне жана баланын ден соолугуна кам көрүү боюнча ишке ашырылган долбоорлор тууралуу сөз козгоду. Муну менен бирге мамлекеттик кызматчыларды жана адистерди окутууда техникалык муктаждыктарды камсыз кылуу, коомдук чөйрөдө: аялдарга, майыптарга, жумушсуздарга ылайык долбоорлор ишке ашырылып жана ар түрдүү гуманитардык жардам көрсөтүлүп келүүдө деп билдирди. Семинардын жүрүшүндө, TIKA тарабынан берилген көмөк, Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринин талаптары менен ошондой эле мамлекеттик эмес уюмдардын сунуштары боюнча аткарылып жатканын белгиледи. Программа интерактивдуу суроо-жооп бөлүмү менен аяктады.

10 Февраль

Доц. Док. Алтынбек Жолдошов

(Кыргыз Түрк Манас университети, эл аралык мамилелер бөлүмү мугалими)

Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарынан тартып бир жактан экономикалык, саясий жана коомдук көйгөйлөрдү чечүүгө кирише баштаса, экинчи жактан мамлекеттин чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо максатында коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүргүзө баштады.

Бирок, чек ара маселелери боюнча эл аралык келишимдин түзүлүшүнүн убакытты талап кылышы, тарыхый жана географиялык негиздеринин талаш-тартыштуулугу кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо максатында жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү бир топ тоскоолдуктарды жараткан. Андыктан бул семинарда кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен болгон чек-араларын делимитациялоо жана демаркациялоо процессиндеги оорчундуктар изилденип, маселенин негизги себептерине анализ жүргүзүлдү.

 

16-Январь 2017

2017-жылдын 16-январында Кыргыз-Түрк Манас Университетинин социалдык курулуштар имаратында ORASAM жана Эл аралык мамилелер клубу тарабынан уюштурулган семинарга Түркия Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Метин Кылыч “Кыргызстан-Түркия мамилелери” темасында маек курду.

15 Январь

Доцент, м.а. Юнус Эмре Гүрбүс.

(Кыргыз-Түрк Манас университети, Борбордук Азияны  изилдөө  борборунун жетекчиси).  Доцент, м.а. Юнус Эмре Гүрбүс семинарь учурунда президент Ислам Каримовдун башкаруу доорунда  Өзбекстанда  идентүүлүктүн  кандай жол менен курулгандыгын түшүндүрүп өттү. Анын негизги өзөгү тарыхтан алынып жана ошондой эле кезиккен кыйынчылыктардын натыйжасында пайда болгон идентүүлүк, Өзбекстанда эске алуучу негизги жагдайлардын бири болуп саналат. Автор өзүнүн сөзүндө Ислам Каримов биринчиден өлкө ичинде эң керек болгон маанилүү нерсе деп эмнени көрдү. Мунун менен бирге аны реалдуу жашоодо ишке ашыргандыгын жана тарых барактарында кандайча жазылып кала тургандыгына токтолду. Ошондой эле автор Ислам Каримовдун калтырып кеткен мурасы жана Өзбекстанда бүгүнкү күндө пайда болгон идентүүлүктүн келип чыгышын түшүндүрүп келип, мындан кийин дагы бул тема терең изилдениши керектигин белгилеп өттү.