03.11.23

Азербайжан Түрк мамлекеттеринин экономикасына 20 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Негизги бөлүгүн Түркияга салынган инвестиция түзөт.

08.11.23

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 16-саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 8-ноябрда жолугушуусу болуп өттү.

04.11.23

Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Ирандын жана Түркиянын транспорт тармагына тиешелүү министрликтери “Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Туркия” каттамы аркылуу, Азия менен Европаны бириктире турган эл аралык мультимодалдык коридорду түзүү боюнча, тиешелүү документке кол коюшту.

10.25.23

Өзбекстандын Айлана-чөйрөнү коргоо министри Азиз Абдухакимов ландшафт архитектурасы боюнча адистешкен Түркиялык үч абройлуу “Minvall Construction”, “ISIK Peyzaj” жана “Meta Peyzaj Planning” фирмаларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

23.10.23

2023-жылдын январь-сентябрь айларында, Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 830,3 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин жума күнү жарыяланган отчетунда билдирилди.

23.10.2023

Казакстандын Анкарадагы элчилигинде Казакстандын эгемендүүлүк күнү белгиленди.

19.10.23

Түркиянын айыл чарба жана энергетика тармагында иш алып барышкан ири компаниялардын өкүлдөрү, Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун чакыруусу менен Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин телеграм каналы билдирди.

21.10.23

Азербайжандын Экономика министри Микаил Жаббаров жана Казакстандын президентинин кеңешчисинин жолугушуусунда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн өсүшү, инвестиция тартуу жана транспорт-транзит тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты.

19.10.23

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы менен 2023-жылдын 18-октябрь күнү  жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

18.10.23

Өзбекстандын Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министрлигинин алдындагы Туризм комитети,  “Өзбекстан темир жолдору” ишканасы, ошондой эле италиялык “Arsenale” компаниясы люкс тибиндеги ыңгайлуу туристтик поездди ишке киргизүү боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюшту.