24.1218.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев  2018-жылдын 18-декабрында, , Кыргызстан менен Түркия  өкмөттөрү ортосунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча  өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол койду.

20.12.18

2018-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары, үчүнчү окууда,  Кыргызстан жана Түркия өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча келишимди ратификациялоого макулдугун беришти.

14.12.18.

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда 32 өнөр-жай ишканалары өндүрүшүн кайрадан жандантты. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

19.12.18.

Ош шаарында 19-декабрда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөт башчыларынын жолугушуусу болуп өттү. Өкмөт башчылары  чек ара аймактарынын башчыларынын кеңеши экинчи жыйынына да катышышты.

Түркиянын Кастамону шаарында, ТҮРКСОЙдун маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин кезектеги 36-жыйналышынын жабылыш отурумунда, Кыргызстандын Ош шаары “2019 Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары” деп белгиленди.

14.12.18

Бишкек

Экономика министрлигинин билдирүүсүнө караганда Кыргызстанда ишкерлер үчүн бизнес борбору курулуп жатат.

04.12.18.

Он ай аралыгында Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы соода алмашуу 50 пайызга, тагыраагы $ 325 млн. долларга жеткен. Бул боюнча  Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанга 2018-жылдын биринчи   9 айында чет өлкөлөрдөн, 1.9 млрд. доллар өлчөмүндө каражат которулган. Кыргызстандын борбордук банкынын билдиришинче, ушул эле көрсөткүч өткөн 2017-жылдын январь жана сентябрь айларына салыштырмалуу  7,1 % пайзга же 130,9 долларга көптүк кылат.

26.11.18.

Centerra Gold Inc. ("Центерра") жана "Кумтөр" компаниясы 2018-жылдын үчүнчү чейрегиндеги ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул жөнүндө компаниянын коомчулук менен байланышуу  бөлүмү билдирди.

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду (РК ӨФ) 2018-жылы региондордо айыл-чарба азыктарын жана мал-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн каржылоосун 14-15 пайызга арттырды. Бул жөнүндө фонддун басма сөз кызматы билдирди.