Кыргызстанда алтынга болгон жылдык муктаждык 5 тоннаны түзөт. Бул тууралуу өткөн басма сөз жыйынында Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубан Айдаралиев билдирди.

21.11.18.

Измир

20-ноябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата Түркия Республикасынын Измир шаарында уюштурулган "ТүркПАнын алгачкы он жылы жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги: кызматташтыкка карай жаӊы кадамдар" аталышындагы конференцияга катышты.

"Борбор Азиянын Бир алкак-бир жол долбоорунан кандайдыр бир пайда алуусу аябай маанилүү жана Европа менен Азия ортосунда бир гана товар алмашуу коридору болбошу керек"-деди Европа тышкы иштер кызматынын Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Борис Ярошевич.

16.11.18.

Бишкек

 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн артыкчылыктуу тармагынын бири катары саналган жеңил өнөр жайын колдоого алууга жана өнүктүрүүгө чоң маани берет»

15 ноябрь 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча, туристтик кызмат экспорту 220 миллион доллардан ашкан.

09.11. 2018  Бишкек

ЕБ Борбордук Азияда радиоактивдүү уулуу заттар менен күрөшүү үчүн 10 млн евро бөлөт. Бул тууралуу Европа Биримдиги Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

02.11. 2018.

Бишкек

            Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) эки бөлүктөн турган түндүк – түштүк жолунун курулушу үчүн $ 78 миллион бөлүп берген. Бул жөнүндө Азия өнүктүрүү банкынын басма сөз кызматы билдирди.

  05.11.18.

Бишкек   

«Айыл-чарбаны каржылоо-6» долбоорунун алкагында 1-ноябрга карата коммерциялык банктар тарабынан 5,4 миллиард сомго жеңилдетилген насыялар берилген. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Бишкек, 02.11.18. Дүйнөлүк Банктын кезектеги «Doing Business» (Бизнес жүргүзүү) иликтөөсүндө Кыргыз Республикасы рейтингде өз көрсөткүчтөрүн 7 позицияга жакшыртып, 77-орундан 70-орунга көтөрүлдү.

2018-жылы Кыргызстан Өзбекстанга 400 миллион киловат саат электр энергиясын экспортогон. Бул бул боюнча күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү боюнча республикалык штабынын жыйынында билдирди.