14.02.22

2021-жылы Казакстан менен башка өлкөлөр ортосундагы сооданын көлөмү 2020-жылдагы көрсөткүчтөн 17,4% пайызга ашып, 101,5 млрд долларды түздү. Сооданын негизги үлүшүн кайра иштетилген товарлар түзгөн. 2021-жылы бул көрсөткүч 58,1 млрд долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 12% пайызга жогору болду. Бул тууралуу, Соода жана интеграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

11.02.22

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугуп сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушууда, Алихан Смаилов Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара аракеттенүү ишенимге жана өз ара түшүнүүгө негизделген стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын жаркын мисалы экенин баса белгиледи. Бул тууралуу, Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

09.02.22

2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча, Казакстан 9,390 даана автоунаа экспорттогон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 74,9 пайызга көпттүк кылат. Бул тууралуу, Казакстандын Статистикалык комитети билдирди.

31.01.22

Казакстандын Мангистау областындагы “Узен” кенинде кошумча чалгындоо иштеринин натыйжасында, жаңы мунай кендери табылды. Натыйжада, мунай өндүрүүнүн көлөмү 39,9 миллион тоннаны түзгөн. Бул тууралуу “Kazpravda.kz” маалымат агенттиги  “КазМунайГаз” компаниясынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

01.25.22

Казакстан бир нече жыл ичинде транзиттик жана транспорттук каттамдарды диверсификациялоо үчүн 20 миллиард доллар акча каражатын жумшай тургандыгын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди. Бул тууралуу “Интерфакс-Казакстан” маалымат агенттиги  жазып чыкты.

30.12.21

Казакстандын Борбор Азиядагы бардык  сооданын 70% пайызга жакын  үлүшү Өзбекстандын туура келет. 2021-жылдын 10 айында эки тараптуу сооданын көлөмү 3,26 миллиард долларга жетти. Бул көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,8% пайызга көп. Ал эми аталган көрсөткүч 2019-жылдын 10 айына салыштырмалуу 10,6% пайызга көп.

24.12.21

Казакстан Өзбекстанга 75 миллиард теңге  (172 миллион доллар) бааланган автоунаа жолун курууну пландоодо. Бул тууралуу Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги  билдирди.

22.12.21

Казакстанда 2021-жылдын аягына чейин нефть өндүрүүнүн көлөмү 85,7 миллион тоннага, ал эми экспорттун көлөмүн 67,6 миллион тоннага жетүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу, Казакстандын Энергетика министри Магзум Мирзагалиев өкмөттүк жыйында билдирди.

13.12.21

Алматы облусунун Капшагай шаарында помидор өстүрүүчү күнөскана комплекси ачылды. Күнөскананын аянты 4 гектар жер аянтын ээлейт. Аталган долбоорго 3,5 миллиард теңге өлчөмүндөгү инвестиция салынган. Бул тууралуу “Kapital.kz” маалымат агенттиги билдирди.

13.12.21

Казакстандын Шымкент шаарында, эки өлкөнүн биргелешип курган эки ишкананын ишке кириши күтүлүүдө. Бул тууралуу, аталган шаардын акимчилигинин басма сөз кызматы  билдирди.