17.11.22

Казакстандын Караганды облусунда “Күчтүү аймактар өлкөнүн өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы” улуттук долбоорунун алкагында “Достык-Мойынты” темир жол тилкесинин экинчи жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу  “primeminister.kz.” маалымат кызматы билдирди.

16.11.22

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 15-ноябрь күнү Алматы шаарына  болгон жумушчу сапарынын алкагында, Кытайдын автоунаа өндүрүшүнө таандык бренд болуп эсептелген “Changan”, “Chery” жана “Haval” маркасындагы автоунааларды чыгарган заводдун курулушун баштоо аземине катышты.

10.11.22

Шаршемби күнү Астанада Казакстандын Соода жана интеграция министри Серик Жумангарин Пакистандын өкмөттүк делегациясы менен жолугушту. Жолугушууда тараптар, энергетика тармагындагы кызматташтыктын келечегин жана “Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия” (TAPI) газ куурунун кубаттуулугун пайдалануу менен газ транзитин ишке ашырууну талкуулашты.

29.10.22

Казакстан жана Кыргызстан мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүү тармагында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар. Бул тууралуу, Казакстандын Айыл чарба министри Ербол Карашукеев Кыргызстандын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында билдирди.

25.10.22

Үстүбүздөгү 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен Өзбекстанга азык-түлүк экспорттоо боюнча, Казакстан алдыңкы орунга чыккан. Бул тууралуу, «Казинформ» агенттиги билдирди.

05.10.22

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-октябрь күнү Караганды облусунун аймагына жасаган иш сапарынын алкагында, “KamaTaresKZ” автоунаа дөңгөлөктөрүн чыгаруучу заводунун ишмердүүлүгү менен таанышууга  барды. Бул тууралуу, президенттин  басма сөз кызматы билдирди.

06.10.22

Казакстан Каспий деңизинин жээгинде жагымдуу туристтик климатты түзүү үчүн 360 миллион доллардан ашык инвестиция тартууну пландоодо. Бул тууралуу, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов “Каспий II экономикалык форумунда” сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

05.10.22

Казакстан жана Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2022-жылдын алгачкы жети айында 228,8 миллион долларды түздү, бул көрсөткүч өткөн жылдын бир жылдык товар жүгүртүүсүнүн көлөмүнө жакын. Бул тууралуу, Казакстандын Түркмөнстандагы элчиси Аскар Тажибаев шаршемби күнү «Нейтральный Туркменистан» гезитинде жарыяланган макаласында билдирди.

27.09.22

Казакстанда 2022-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы аянты 23,4 миллион гектарды түздү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 387,1 миң гектарга көпттүк кылат. Дан эгиндеринин аянты быйыл 16,1 миллион гектарды түзөт. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында, Казакстандын Айыл чарба министри Ербол Карашукеев билдирди.

13.09.22

Казакстанда кубаттуулугу 60 мегават (МВт) болгон жаңы шамал электр станциясы ишке киргизилди. Энергетикалык объект Алматы облусунун Енбекши-Казак районунда, жаратылыштан энергия алуу боюнча уникалдуу аймак болуп эсептелген, “Шелек” өрөөнүндө курулган. Бул тууралуу “Самрук-Энерго” компаниясынын маалымат кызматы билдирди.