- Подробности
13.09.22
Казакстан 2050-жылга карата альтернативдик энергия булактарынын үлүшүн 50% пайызга жеткирүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу, бүгүн 13-сентябрь күнү Казакстандын Энергетика министринин орун басары Жандос Нурмаганбетов, Алматыда өткөн биринчи “Борбор Азиялык таза энергетика” форумунда билдирди.
- Подробности
12.09.22
Казакстандын Түркиядагы элчиси Еркебулан Сапиев Казакстандын экономикасына жаңы Түркиянын инвесторлорун тартуу максатында Түркиянын Газиантеп облусуна барды. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
06.07.22
Казакстандын 19 мал чарбасы Өзбекстанга эт экспорттоо укугуна ээ болду. Макулдашуулар Казакстандын Айыл чарба министри Ербол Карашукеевдин Ташкентке болгон иш сапарынын алкагында жетишилди. Бул тууралуу, Казакстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
26.05.22
Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда, Казакстандын капиталынын катышуусу менен күн электр станциясын куруу пландалууда. Долбоордун баасы 300 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти менен болгон жолугушуудан кийин билдирди.
- Подробности
26.05.22
Жакынкы жылдары Кыргызстан жана Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү пландалып жатканын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев биринчи Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында көрүшмө учурунда билдирди.
- Подробности
20.05.22
Казакстан жана Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2022-жылдын биринчи чейрегинде 1,5 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору билдирди.
- Подробности
18.05.22
Түркиянын “Iskefe Holding” компаниясы желатин чыгаруучу жана малдын терисин кайра иштетүүчү заводдун курулушуна 27 миллион доллар инвестиция салат.
- Подробности
05.16.22
Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов онлайн форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу, “primeminister.kz.” маалымат кызматы билдирди.
- Подробности
11.05.22
Казакстан жана Түркиянын темир жол администрациялары логистикалык кызматтарды өнүктүрүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу, “Казакстан темир жолу” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
05.11.22
Анкарада 10-май күнү “Kazakhstan Engineering” улуттук компаниясы жана “Turkish Aerospace” аскердик-техникалык компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.