Орто Азияны изилдөө борбору (ОАИБ) Кыргыз-Түрк Манас университетинин алдында 2011-жылдын сентябрь айында түптөлүп өз ишин баштаган. ОАИБ дин негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:

а) Орто Азия аймагы жана коңшулаш элдери, ошондой эле, мамлекеттери менен байланышкан саясий, стратегиялык, социалдык, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө улуттук жана эл аралык деңгээлдеги изилдөөлөрдү жасоо, аларга дем берүү, академиялык иштердин уюштурулушун жана координациясын камсыз кылуу жана жүргүзүү;

б) Эл аралык уюмдарга, Кыргызстан жана Түркиядагы коомдук жана жеке уюмдарга Орто Азиядагы саясий, стратегиялык, социалдык, экономикалык жана маданий маселелер боюнча консультациялык кызмат көрсөтүү;

в) Орто Азия аймагы жана коңшулаш элдери, ошондой эле, мамлекеттери менен байланышкан маселелерде иш жүргүзүүнү каалаган жеке жана институттук изилдөөчүлөргө жардам берүү жана аларды ишке ашырууда өнөктөштүк кылуу;

г) Орто Азия аймагы жана коңшулаш элдери, ошондой эле, мамлекеттери менен байланышкан саясий, стратегиялык, социалдык, экономикалык жана маданий маселелердин алкагында эл аралык деңгээлдеги академиялык басылмаларды, отчётторду жана китептерди жарыялоо жана жарыяланышына дем берүү;

д) Кыргызстан жана Түркия баш болуп Орто Азия өлкөлөрү менен башка тиешелүү өлкөлөр арасында орток стратегиялык иш-чаралар, илимий изилдөөлөр жана долбоорлордун жүргүзүлүшүнө, академиялык жана студент алмашуу программаларын иштеп чыгууга салым кошуу;

е) Кыргызстан менен Түркия ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашууну жакшыртууга салым кошуу.

Бул максаттарга карата ОАИБ төмөндө көрсөтүлгөн тармактарда иш алып барат:

а) Борбордун максаттарына ылайык, Орто Азия жана коңшулаш өлкөлөрдөгү университеттер, изилдөө борборлору, жарандык коомдор, мамлекет жана эл аралык мекемелер менен өнөктөштүк кылуу;

б) Эл аралык жана улуттук мекеме жана уюмдарга Орто Азия менен байланышкан  маселелер боюнча консультациялык кызмат көрсөтүү, Орто Азия аймагына карата дисциплиналар аралык изилдөө жүргүзүү, долбоорлорду өнүктүрүү, жүргүзүү жана координациялоо;

в) Орто Азия менен байланышкан эл аралык академиялык мезгилдүү бир журнал чыгаруу, үзгүлтүксүз отчётторду жана китептерди жарыялоо, байланышкан маселе боюнча электрондук китепкана, архив жана электрондук байланыш тармагын түзүп жана байланыштуу темалардагы басылмалардын университеттин карамагында болушуна аракет кылуу;

г) Эл аралык, аймактык жана улуттук деңгээлдеги конгресс, симпозиум, семинар, конференция, форум, панель ж.б. иш-чараларды уюштуруу;

д) Борбордун максатарынын алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бөлүмдөрү менен биргеликте түрдүү окуу программаларын (семинарлар, сабактар, курстар, сертификаттык программалар, жайкы окуу ж.б.) жүргүзүү жана бул багытта факультет жана бөлүмдөрдөн келген изилдөө сунуштарын баалоо жана уюштуруу;

е) Орто Азия аймагы жана айланасы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн университеттер, изилдөө мекемелери, институттар жана борборлор менен орток илимий, исскустволук, спорттук, маданий иш-чараларды пландоо жана уюштуруу;

ё) Орто Азия аймагы жана айланасы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн университеттер, изилдөө мекемелери, институттар жана борборлор менен академиялык жана административдик кызматкерлер жана студенттер үчүн окуу, практика жана алмашуу программаларын уюштуруу;

ж) Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Түркия, Кыргызстан жана Орто Азиядагы башка университеттер менен орток изилдөө жасай турган жана практика кыла турган окутуучулардын жана студенттердин тарбияланып чыгышына колдоо көрсөтүү жана дем берүү;

з) Борбордун максаттары жана иш алып барган тармактарынын алкагында түрдүү маселелер боюнча иш топторун жана комиссияларын түзүү;

и) Борбордук башкаруу комитети тарабынан кабыл алынган жана түптөлүш максатына ылайык келген башка иштерди жасоо;

ОАИБ иштерди жүзөгө ашыруу үчүн беш Жумушчу тобун түздү. Булар: Саясий билимдер жана эл аралык мамилелер, Экономика, Социология, Билим берүү жана Медиа.