БОРБОРДУК АЗИЯНЫ ИЗИЛДӨӨЛӨР БОРБОРУНУН  МАКСАТТАРЫ ЖАНА ТАРЫХЫ

Борбордук Азияны изилдөөлөр борбору (ORASAM) Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин 2010-жылдын 30-ноябрь күнү кабыл алынган чечими менен Борбордук Азияга байланыштуу саясий, стратегиялык, социалдык, экономикалык жана маданий изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлгөн. Борбордук Азияны изилдөөлөр борбору (ORASAM) Орто Азия өлкөлөрүнүн, өзгөчө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы социалдык, саясий жана экономикалык мамилелерди чыңдоо, орток маданий мамилелерди бекемдөө аркылуу аймактык жана дүйнөлүк тынчтыкка кызмат кылуу миссиясын өзүнө алды. Мындан тышкары, Борбордук Азиянын географиясы үчүн стратегиялык көз караштарды жана долбоорлорду иштеп чыгуу, бөлүшүү жана ишке ашыруу, ошондой эле ошол эле максаттарга ылайык кызматташуу жана кызматкерлерге жардам берүү болуп эсептелет.

Борбор түзүлгөндөн бери көптөгөн семинарлар, иш-чаралар жана долбоорлор ишке ашырылды. Маселен, 2013-жылы аталган борбордун алкагында “Академиялык сапатты жогорулатуу” семинарын өткөрүүдөн тышкары,  “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду менен кызматташуу боюнча иштери башталды.

Жогоруда аталган Фонд менен ишке ашырылган эки долбоордун бири, Бүтүрүүчүлөр Ассоциациялары ортосундагы окутуу программаларынын потенциалын жана кызматташууну бекемдөөгө багытталган. Экинчи демилге “Билим фестивалы” долбоору, билим берүүнүн маанилүүлүгүн коомчулукка жеткирүүгө багытталган. 2013-жылдын 24-25-май күндөрү Борбордук Азияны изилдөөлөр борбору (ORASAM) жана Стратегиялык ой жүгүртүү институту (SDE) тарабынан «Кыргызстан-Түркия мамилелеринин келечеги 22 жылдык тажрыйбанын жарыгында» аттуу симпозиум өткөрүлдү.

Борбордук Азияны изилдөөлөр борбору (ORASAM) тарабынан 2013-2014-окуу жылында “Евразия экономикалык биримдиги жана Кыргызстан”, “Кыргызстан менен Тажикстандын эл аралык миграциясы”, “Кыргызстандагы жогорку билим берүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу көйгөйлөрү” жана “Кыргызстанда иш алып барган түрк инвесторлору боюнча изилдөө” аттуу ар түрдүү конференциялар, докладдар семинарлар изилдөөлөрдү жүргүзүү менен даярдалып өткөрүлдү. Борбордук Азия изилдөөлөр борборунун (ORASAM)  мүчөлөрү 2014-жылдын 24-31-май күндөрү, Баку шаарында өткөн Эл аралык жаш окумуштуулар форумуна катышты. Форумдун темасы “Жер илиминдеги жаңы чакырыктар: жаш окумуштуулардын биргелешкен мамилеси” – деп аталат. 2014-жылдын 25-27-июнь күндөрү «Кыргызстанда социалдык тынчтык үчүн тынчтыкка тарбиялоо» жана «Кыргызстандагы диний топтордун уюштурулушу жана ишмердүүлүгү» деген темаларда 2 семинар өткөрүлдү.

     Борбордук Азия изилдөөлөр борбору (ORASAM)  тарабынан 2014-2015-окуу жылында илимий долбоорлор, эл аралык конференциялар жана семинарлар сыяктуу түрдүү иш-чаралар улантылды. Бул аралыкта борбор менен “IRCICA” уюмунун ортосунда “Борбордук Азиядагы тынчтык жана дин” аттуу биргелешкен изилдөө долбоору ишке ашырылып, жыйынтыгында Кыргыз Түрк “Манас” университетинде, ушул эле темада Эл аралык конференция өткөрүлдү. Мындан тышкары “Жаңы окуу жылы, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн ачылыш сабагы” аттуу семинар өткөрүлдү. Баяндамачы катары Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси Метин Кылыч чакырылды. Бул мезгилдин ичинде көптөгөн семинарлар өткөрүлдү. Маселен, «Демократиялык өлкөлөрдө бийликти чектөө», «Түркия жана Борбордук Азиянын энергетикалык-саясий дүйнөсү» жана башка көптөгөн темаларда семинарлар уюштурулду. Кошумчалай кетсек, “1 ORASAM Борбордук Азия симпозиуму: Саясат жана эл аралык мамилелер” аттуу симпозиум, Американын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өттү. Кошумчалай кетсек, бул мезгилде “Кыргызстандагы социалдык тынчтык үчүн тынчтыкка тарбиялоо” жана “Кыргызстандагы диний топтордун уюштурулушу жана ишмердүүлүгү” долбоорлору ишке ашырылган.

2015-2016-окуу жылында ар кандай улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен жаңы биргелешкен долбоорлорду жана изилдөөлөрдү жүргүзүү аракеттери көрүлдү. Мисалы, 2015-жылдын 9-октябрында НАТО уюмунун Борбордук Азиядагы өкүлү Росария Пуглиси менен биргелешкен конференция долбоору жана 2016-жылдын 23-март күнү, Түркиянын Кыргызстандын элчиси Метин Kылыч менен келечектеги кызматташуулар талкууланды. 2016-жылдын 1-апрель күнү, Борбордук Азияны изилдөөлөр борбору (ОРАСАМ) менен Роза Отунбаеванын жолугушуусунда борбордун жакынкы келечектеги долбоорлору талкууланды.

Евразия коомдук илимдер форуму “Жибек жолу” Эл аралык конгресси 2016-жылдын 21-22-апрелинде, Борбордук Азияны изилдөөлөр борборунун (ОРАСАМ)  салымы менен 7 өлкөнүн академиктеринин катышуусунда өттү. Мындан тышкары, Европа Биримдиги жана Тышкы байланыштар  башкы башкармалыгына «Билим берүү тармагындагы карым-катнаштар жана кызматташтык» темасында тиешелүү билдирүү даярдалды.

2016-жылдан баштап аталган борбордо  айрым өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы иш-чаралардын жана демилгелердин ишке ашырылышына алып келди. Бул мезгилде, Борбордук Азияны изилдөөлөр борборунун (ORASAM) мүдүрү  доц. д-р.  Юнус Эмре Гүрбүз «Осмон менен Россиянын ортосундагы Прут жана 1768-1774-жылдардагы согуштардын бүгүнкү күндөгү тарых билиминдеги орду: Түркия жана Россиянын окуу китептеринин салыштырма анализи» аттуу докладын сунуштады. Борбордук Азияны изилдөөлөр борборунун (ORASAM) атынан “Эгемендүүлүктүн 25 жылы, Түрк Кеңешине караштуу Түрк Республикалары: Мамилелер жана кызматташтык» долбоору аягына чыгарылды.

2017-жылдын 25-декабрь күнү, Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов чакырылып, конок катары илимий кызматкерлердин катышуусунда семинар өткөрүлдү.

Акыркы убакта, Орто Азиянын изилдөө борборунун (ORASAM) алкагында бир катар семинарлар, изилдөөлөр жана ишке ашыруу долбоорлору системалуу түрдө жүргүзүлүп келет. Маселен, «Кыргызстан-Түркия мамилелери», «Кыргызстандын кошуна мамлекеттер менен чек ара маселелери», «Бир алкак, бир жол долбоору жана Кыргызстан» сыяктуу семинарлар өткөрүлдү.

 “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кыргызстандын басма сөз кызматтарында чагылдырылышы” аттуу долбоордон тышкары, Түрк Кеңешине арналган “25 жылдык тажрыйбадан кийин Түрк Кеңешинин курамындагы мамлекеттерде биргелешкен иш-чаралар жана кызматташтык”, «Түрк дүйнөсүндө жалпы жарандык билим берүү» сыяктуу китептер жарык көрдү. 2018-жылдын 12-июль күнү “Кыргыз жаштарынын картаюу боюнча кабылдоолору: Бишкектин мисалында” долбоору жыйынтыкталды.

2018-жылдан бери “Борбордук Азияны изилдөө борборунун (ORASAM) жумалык журналы” жана “Борбордук Азияны изилдөө борборунун (ORASAM) айлык журналы” электрондук түрдө басылып чыгып, кызыкдар адамдарга жеткирилет. Мындан тышкары, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары системалык түрдө талданып, түрк, кыргыз, орус жана англис тилдеринде борбордун интернет сайтында жана борбордун Instagram, Facebook, Twitter баракчаларында акыркы жаңылыктар менен бөлүшүлүп турат.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин алдында иш алып барган Борбордук Азия изилдөөлөр борбору улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр мекеме болуп эсептелет.