09.07.24

Батыш Казакстан облусунун акими Нариман Төрегалиев түркиялык “Fatinoglu”  холдингинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда тараптар, Батыш Казакстан облусунда жаңы жогорку технологиялык өндүрүштү түзүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу, акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

18.06.24

Казакстан жана Азербайжандын байланыш операторлору Каспий деңизинин түбүн бойлой Транскаспий оптикалык интернет байланыш линиясын (ВОЛС) тартуу долбооруна 50,6 миллион доллар (23 миллиард теңгеден ашык) инвестиция салат.

04.06.24

Казакстандын Азербайжандагы элчиси Алим Байел жана Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясынын (SOCAR) президенти Ровшан Нажаф    эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

01.06.24

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Бишкекке келген, Казакстандын Каржы министри Мади Такиев менен расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

29.05.24

Казакстандын Мангыстау облусунун акими Нурдаулет Килыбай менен Түркиянын Актау шаарындагы башкы консулу Сабри Алптекин соода-экономикалык жана маданий-социалдык байланыштарды чыңдоо жана кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу, акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

28.05.24

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Түркмөнстан менен Казакстан жаңы газ кендеринде биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Бул тууралуу, Казакстандын Вице-премьер-министри жана Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушуудан кийин билдиргендигин  “Казинформ” маалымат  агенттиги билдирди.

24.05.24

Казакстандын Актау шаарында автоунааларды ташуу боюнча, Казакстан жана Кытайдын биргелешкен комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Ошентип, тарыхта биринчи жолу “Кытай-Казакстан-Азербайжан-Грузия” маршруту боюнча “Курык” жана “Баку” деңиз порттору аркылуу товарды алгачкы жолу транзиттик автожол менен ташуу ишке ашырылып баштады. Бул тууралуу, Казакстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

21.05.24

Түркиянын Стамбул шаарында Түрк инвестициялык фондуна мүчө өлкөлөрдүн башкаруу кеңешинин биринчи инаугурациялык жыйыны болуп өттү. Казакстандын Кеңештеги өкүлү болуп вице-премьер-министр улуттук экономика министри Нурлан Байбазаров дайындалганын  “primeminister.kz” маалымат булагы билдирди.

20.05.24

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түркиянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Акорданын басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушууда Казакстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланды.

16.05.24

Казакстанда иштеп жаткан Азербайжан компанияларынын саны 2024-жылдын май айына карата алганда 18,4% пайызга көбөйгөн.