28.05.24

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Түркмөнстан менен Казакстан жаңы газ кендеринде биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Бул тууралуу, Казакстандын Вице-премьер-министри жана Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушуудан кийин билдиргендигин  “Казинформ” маалымат  агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Түркмөнстанга газ өндүрүү, кайра иштетүү жана ташуу боюнча алдыңкы технологиялар менен алмашуу боюнча бир катар сунуштарды жөнөткөнүн белгиледи.

Мурат Нуртлеу ошондой эле Казакстан менен Түркмөнстандын “Актау” жана “Түркмөнбашы” порттору ортосундагы жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча макулдашканын баса белгиледи. Акыркы үч жылда бул каттам боюнча жүктөрдү кайра жүктөөнүн көлөмү 50 пайызга өскөн.

Ушул эле күнү Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов дүйшөмбү күнү Астанада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

https://business.com.tm/ru/post/11883/turkmenistan-and-kazakhstan-consider-joint-ventures-at-new-gas-fields