20.11.24

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруучу палатасынын депутаттарынын алдында сүйлөп жатып, акыркы беш жыл ичинде өлкөнүн негизги жетишкендиктерин белгилеп өттү.

16.11.24

2024-жылдын январь-октябрь айларында, Өзбекстанга туристтик максатта 6,5 миллионго жакын чет элдик жаран келген.

15.11.24

Өзбекстандын жана Түркиянын компаниялары тери иштетүү жана бут кийим тигүү тармагында кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүдө. “AYSAF-2024” көргөзмөсүнүн алкагында сүйлөшүүлөр өтүп, Түркиядан ири инвестиция тартууга мүмкүнчүлүктөр каралууда.

12.11.24

Өзбекстандын Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ)  “Masdar” компаниясынын өкүлү, Өзбекстанда шамал электр станциясын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу келишимине кол коюшту. Электр станциянын кубаттуулугу 1000 (МВт) болот. Ал Навои облусунун Учкудук районунда курулат. Бул тууралуу, Өзбекстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

12.11.24

Өзбекстан Каспий деңизинин аркылуу товар экспортун кеңейтүүнү пландап, контейнердик ташууларды активдүү өнүктүрүп жатат. Бул тууралуу, “Дунё” агенттиги билдирди.

23.10.24

Өзбекстанда 2024-жылдын аягына чейин 2017-жылдан бери тартылган чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмү 100 миллиард доллардан ашат деп күтүлүүдө. Мындай божомол президент Шавкат Мирзиёев жетектеген Локализация, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана экономикага чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча өткөрүлгөн жыйында айтылды. Бул тууралуу, президенттин маалымат кызматы билдирди.

22.10.24

Өзбекстандын Зангиата облусунда “Technologies of real time” Өзбекстан-Сингапур ишканасы BYD, Chery, Changan, Geely жана Dongfeng сыяктуу ири автоунаа бренддерине тетиктерди чыгара баштайт. Бул тууралуу, “Podrobno.uz” маалымат кызматы билдирди.

21.10.24

2024-жылдын башынан бери, Өзбекстандын күн жана шамал электр станциялары 4 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүргөнүн өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.

21.10.24

Өзбекстандык вентиляция жана кондиционер өнөр жай жабдууларын өндүргөн “Jihozvent” компаниясы, Түркмөнстандын рыногуна кирүүнү пландап жатканын жекшембиде компаниянын башкы эл аралык соода адиси Шерзод Саидов билдирди. Бул тууралуу, “Trend” маалымат агенттиги  билдирди.

21.10.24

Өзбекстандын Экономика жана каржы министринин биринчи орун басары Илч Норкулов жана Түркиянын Чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү уюмунун (KOSGEB) президенти Ахмет Сердар Ибрахимчиоглунун жолугушуусу болуп өттү.