23.05.24

Тажикстандын Транспорт министри Азим Иброхим темир жол транспорту өлкө үчүн стратегиялык тармак экенин, аны өнүктүрүүгө 7,5 миллиард долларга жакын каражат бөлүү пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу, Тажикстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

03.05.24

2032-жылга чейин, Тажикстан толугу менен энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү пландоодо. Бул тууралуу, Тажикстандын биринчи вице-премьер-министри Хоким Холикзода Тбилисиде өткөн Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) жылдык жыйынында “Борбор Азиянын  аймагындагы жашыл нарк чынжырларын каржылоо” темасындагы панелдик талкууда сүйлөп жатып билдирди.

18.04.24

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикистандын Душанбе шаарында кесиптеши Эмомали Рахмон менен жолугушуп, кызматташтыкты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу, Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

10.02.24

Тажикстан азербайжандык компанияларды өзүнүн аймагындагы мунай жана газ кендерин геологиялык чалгындоого тартууну пландаштырууда.

11.01.24

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту. Көрүшмө учурунда, тараптар бардык тармактарда, өзгөчө экономикада мамилелерди мындан ары да чыңдоо зарылдыгын белгилешти. Бул тууралуу, “МИР 24”  телеканалы билдирди.

08.01.24

Тажикстан жана Түркия экономика жана каржы тармагында кызматташууну макулдашты. Тиешелүү меморандумга Тажикстандын Каржы министрлиги менен Түркиянын Казына жана каржы министрлигинин ортосунда кол коюлду.

27.11.23

Азербайжан жана Тажикистандын соода мамилелерини бекемдөө тууралуу сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бул тууралуу, “Report” маалымат кызматы билдирди.

27.11.23

Тажикстан менен Иран менен аталган өлкөнүн  “Чабахар” порту аркылуу эл аралык жүктөрдү жана транзиттик товарларды  ташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

05.12.22

Тажикстандын медицина тармагынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу тобу 28-ноябрдан 2-декабрга чейин, Түркияда иш сапары менен болуп кайтышты.

20.10.22

Тажикстандан Түркияга Өзбекстан, Түркмөнстан жана Иран өлкөлөрүнүн аймактары аркылуу өткөн алгачкы жүк поезди дүйшөмбү күнү Тажикстандын борбору Душанбе шаарынан жолго чыктты.