27.11.23

Тажикстан менен Иран менен аталган өлкөнүн  “Чабахар” порту аркылуу эл аралык жүктөрдү жана транзиттик товарларды  ташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Тажикстандын Транспорт министирлигинин берген маалыматы боюнча, документке үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон жана Иран Ислам Республикасынын Президенти Ибрагим Раисинин катышуусунда кол коюлган.

Меморандум процедураларды жөнөкөйлөтүү жана координациялоо, салыктарды жана автотранспорттук төлөмдөрдү азайтуу, башка өлкөлөрдөн жүктөрдү, Иран порту аркылуу өтүүчү каттамдарга алып чыгуу, порт аркылуу өткөн каттамдардагы транспорттук инфраструктура долбоорлорун өнүктүрүү үчүн өз ара инвесициялар боюнча кызматташуу, жүргүнчүлөрдү порт аркылуу өтүүдө ташуу коопсуздугун камсыз кылуу, транспорт каражаттарынын кыймылы  жана товарладры сактоону камтыйт.

Ирандын түштүк-чыгышында, Оман булуңунун жээгинде жайгашкан “Чабахар” порту Индия окенына түз чыга алат.

Маалыматка ылайык, Тажикстан бул келишимдин негизинде “Кытай-Тажикстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран-Түркия-Европа” эл аралык мультимодаль коридору аркылуу Индия океанына чыга алат.

 

https://business.com.tm/ru/post/11072/tadzhikistan-smozhet-osushchestvlyat-tranzitnye-gruzoperevozki-cherez-iranskii-port-chabahar