15.07.24

2024-жылдын 11-июль күнү Түркмөнстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мекан Ишангулыев жана Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серимдин жолугушуусу болуп өттү.

15.07.24

Үстүбүздөгү жылдын 15-июль күнү “Өзбекстан-Түркмөнстан” ишкерлер кеңешинин төртүнчү жыйыны болуп өттү.

21.06.24

Учурда Түркмөнстан Кытайга газ экспорттоодо лидер болуп саналат. Бул тууралуу бейшемби күнү “ТАСС” маалымат кызматы, Кытай мамлекетинин Башкы бажы башкармалыгынын билдирүүсүнө шилтеме берүү менен билдирди.

15.06.24

Түркмөнстан Казакстанды өлкөнүн чек арага жакын аймактарында соода үйлөрүн ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

04.05.24

Кабулда Түркмөнстандын министрлер кабинетине караштуу Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директору Мамметхан Чакиев, Афганистандын Соода жана өнөр жай министри Нуриддин Азизи жана Казакстандын Вице-премьер-министри Серик Жумангариндин үч тараптуу жолугушуусу болду.

03.04.24

27-28-мартта Ашхабадда өткөн “Түркмөнстанда туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү” аттуу эл аралык конференциянын алкагында, Түркмөнстан жана Кыргызстандын туристтик компаниялары 8 кызматташтык келишимине кол коюшту.

02.04.24

Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Батыр Аманов жана «Түркмөнгаз» мамлекеттик концернинин төрагасы Максат Бабаев Ашхабадга иш сапары менен келген Казакстандын «QazaqGaz» улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Санжар Жаркешов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

24.02.24

Түркмөнстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү 2024-жылдын 19-23-февраль күндөрү, Казакстанга болгон ишкердик боюнча иш сапарынын алкагында “Астана-Технополис” эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) индустриалдык паркынын ишканаларында болушту. Түркмөнстандан келген ишкерлерди текстиль жана курулуш битумунун өндүрүшүн, аталган    эркин экономикалык аймактын (ЭЭА) ичине жайгаштыруу жана кийин бул продукцияны Казакстанга сатуу мүмкүнчүлүгүн кароо болду.

10.02.24

Борбордук Азияда жаратылыш газын эң көп экспортоочусу болуп эсептелген Түркмөнстан, 2023-жылы өндүрүшүн 6,9%, пайызга, экспортун 12,6% пайызга көбөйткөн.

02.02.24

Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов бейшемби күнү Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда, энергетика жана жарандык авиация тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу, “Anadoly”  маалымат агенттиги билдирди.