21.06.24

Учурда Түркмөнстан Кытайга газ экспорттоодо лидер болуп саналат. Бул тууралуу бейшемби күнү “ТАСС” маалымат кызматы, Кытай мамлекетинин Башкы бажы башкармалыгынын билдирүүсүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында түркмөн газын 4 миллиард долларга импорттоп алган. Учурда Түркмөнстан Кытайга жаратылыш газын “Түркмөнстан-Өзбекстан-Казакстан-Кытай” багыты боюнча өткөн үч газ куур аркылуу экспорттоодо. Газ өткөрүүнүн кубаттуулугу жылына 55 миллиард куб метр газды түзөт. Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Кытай 2,4 миллиард долларга түркмөн газын импорттогон.

https://business.com.tm/ru/post/11997/turkmenistan-leads-in-gas-supplies-to-china