СССРдин ыдырашы менен Орто Азия мамлекеттери эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта жыйырма беш жылдан ашык убакыт өттү. Бул убакыттын ичинде, бул мамлекеттер саясий өнүгүүсүндө ар кандай жолдорду  ээрчип ар башка жерге келишти. Гео-стратегиялык ордунан улам Борбор Азиянын эл аралык аренадагы маанилүүлүгүнүн артышы, бул ар бир өлкөнүн ички иштеринин эл аралык мамилелер алкагында да маанилүү экенин билдирет. Бул жумушчу топтун максаты, Орто Азия мамлекеттеринин саясий өнүгүүсүн, саясий системаларын, басым топторун, мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинин иштешин изилдөө аркылуу аймактагы өлкөлөрдүн саясий түзүлүшүн түшүнүүгө салым кошуу болуп эсептелет.

Билим берүү коомдордун өнүгүүсүндө жана алардын келечегинин коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү курал болуп саналат. Ошондуктан, балдар мектепке чейинки билимден жогорку билимге чейин окутуунун заманбап каражаттары менен усулдарын колдонуу аркылуу абдан жакшы билим алышы керек. Орто Азия өлкөлөрү эгемендик алгандан бери  билим берүүдө чоң кыйынчылыктарга туш келүүдө. Билим берүү боюнча жумушчу топтун максаты бул маселелерди аныктоо, аларды чечүүдө сунуштарды киргизүү болуп саналат.

СССР урагандан кийин Орто Азия республикалары коомдук өзгөрүүлөрдүн тез жараянына киришти. Экономикалык жана саясий өнүгүүлөргө катарлаш коом да өзгөрүүдө жана жаңы мамлекеттер глобалдык экономикага интеграция болгон сайын бул өзгөрүүлөр күч алууда. Бул өзгөрүүлөр өзү менен бир катар көйгөйлөрдү алып келүүдө. Социология боюнча жумушчу топ Орто Азия коомдорунда коомдук өзгөрүүлөргө байланышкан маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, долбоорлорду ише ашыруу менен коомдорду түшүнүүгө салым кошууну көздөйт.

Экономика боюнча жумушчу топтун жүргүзгөн негизги иш багыттары Орто Азия өлкөлөрүндө экономикалык жагдайды жана экономикалык мамилелерди изилдөө болуп саналат. Жалпы макроэкономикалык көрсөткүчтөр, экономикалык интеграция процесстери, инфраструктура жана транспорт, энергетика сыяктуу маселелер боюнча изилдөөлөр башка жумушчу топтор менен  биргеликте социалдык жана саясий маселелердин экономикалык ченемдемдерин иликтөө максатында жүргүзүлүүдө.

Көрүү, угуу каражаттары аркылуу элге маалымат берген медиа, саясат жана дипломатиянын эң маанилүү куралдарынан болуп саналат. Өзгөчө, маалымат программалары массанын саясий аң сезимине таасир берүүдө өтө маанилүү орунду ээлейт. Ошондуктан ОАИБ (ORASAМ) Медиа жумушчу тобу Орто Азия өлкөлөрүндөгү учурдагы кырдаалдар жана өлкөлөрдүн бири-бирине болгон таасирлеринин демин кармаган иш алып барууда жана медиадагы кабарлардан кабардар болуп, аларды топтоодо.