24.11.24

Азербайжан жана Кытайдын ортосундагы соода мамилелеринин тарыхында, биринчи жолу экспорттук жүктөр Бакудан Кытайга темир жол аркылуу жөнөтүлдү.

18.11.24

Кыргызстан менен Азербайжандын энергетика министрликтери энергетика тармагында кызматташтык боюнча жол картасына кол коюшту. Бул документке, Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Азербайжан Энергетика министри Парвиз Шахбазов кол койгонун Кыргызстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

14.10.24

Азербайжанда учурда  Венгриялык 26 компания иштеп жатат. Бул тууралуу, Азербайжандын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Сахил Бабаев Венгриянын Улуттук күнүнө карата расмий кабыл алууда билдирди.

14.10.24

Азербайжан үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Европага 9,4 миллиард куб метр газ экспорттогон. Бул тууралуу, Азербайжандын Энергетика министри Парвиз Шахбазов “X” социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

08.10.24

Быйыл 2024-жылдын январь-сентябрь айларында, Азербайжанга 1 миллион 963 миң 361 чет элдик жаран келген, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30% пайызга алардын санынын көбөйгөндүгү байкалган.

02.10.24

Баку шаарында 2-октябрь күнү Азербайжан инновациялык борборунун (АИБ) ачылыш аземи өткөрүлдү.

23.09.24

Мамлекеттик туризм агенттигине караштуу Азербайжан туризм бюросу 18-20-сентябрда, Казакстандын Астана жана Алматы шаарларында өткөн “Luxury Travel Mart” иш-чарасынын алкагында, Азербайжандын бизнес жана люкс туризминин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу  маалымат беришти.

23.09.24

Түркиянын Стамбул шаарында 23-сентябрь күнү, Түрк мамлекеттеринин лыжа базаларынын биримдигин түзүү боюнча меморандумга кол коюлду.

18.09.24

Азербайжан 2030-жылга чейин кайра жаралуучу жашыл энергия булактарынан (ВИЭ) 7 (ГВт) өндүрүштүк кубаттуулуктагы энергия алууну пландаштырууда.

18.09.24

Азербайжандын Экономикалык реформаларды талдоо жана коммуникациялар борборунун аткаруучу директору Вусал Гасимлы Өзбекстандын президентинин кеңешчисинин орун басары, Экономикалык изилдөөлөр жана реформалар борборунун директору Обид Хакимов баштаган делегацияны кабыл алды.