02.04.24

Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Батыр Аманов жана «Түркмөнгаз» мамлекеттик концернинин төрагасы Максат Бабаев Ашхабадга иш сапары менен келген Казакстандын «QazaqGaz» улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Санжар Жаркешов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар эки өлкөнүн газ тармагындагы жемиштүү кызматташтыгын бекемдөө пландарын талкуулашты. Тактап айтканда, эки өлкө аймагында тоо-кен активдерин биргелешип өздөштүрүүгө,  газ куурларын куруу долбоорлорун ишке ашырууга жана өз ара пайдалуу негизде газды жеткирүүгө эки тараптын кызыкдар экени белгиленди.

Жолугушуулардын жыйынтыгында, тараптар газ тармагындагы стратегиялык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Буга чейин, Казакстандын Энергетика министри Алмасадам Саткалиев: “Өлкө биздин керектөөчүлөр үчүн коммерциялык жагымдуулугуна жараша газ жана электр энергиясы боюнча түркмөн кесиптештеринин сунуштарын кароого даяр”- деп билдирген болучу.

Март айынын башында, Түркмөнстан Казакстан, Азербайжан жана Түркияга жаратылыш газын жана электр энергиясын жеткирүү ниетин билдирген.

https://orient.tm/ru/post/70627/kazahstan-i-turkmenistan-gotovy-rasshirit-strategicheskoe-vzaimodejstvie-v-gazovoj-otrasli