15.07.24

Үстүбүздөгү жылдын 15-июль күнү “Өзбекстан-Түркмөнстан” ишкерлер кеңешинин төртүнчү жыйыны болуп өттү.

Жолугушууга Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Дилшод Расулов, Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мерген Гурдов жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Ишкерлердин кеңеши 2018-жылдын апрель айында, Ташкент шаарында түзүлгөн. Кеңештин негизги максаты, Өзбекстан жана Түркмөнстандын ишкер чөйрөлөрүнүн соода жана инвестиция, транспорт жана логистика, ошондой эле экономиканын түрдүү тармактарында кызматташуусун тереңдетүүгө багытталган.

Көрүшмө учурунда, Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы өнөр жай жана транспорт, текстиль өнөр жайы, саламаттыкты сактоо жана фармацевтика, ошондой эле айыл чарба тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле “В2В” форматында сүйлөшүүлөрдү камсыз кылуу аркылуу эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда кызматташтык мамилелерди түзүү маселелерин талкуулашты.

2023-жылдын аягында, Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы сооданын көлөмү 1 миллиард доллардан ашкан, бул көрсөткүч 2017-жылдагы сооданын көлөмүнө салыштырмалуу беш эсе көпттүк кылат.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/87725