15.06.24

Түркмөнстан Казакстанды өлкөнүн чек арага жакын аймактарында соода үйлөрүн ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги кабарлагандай, мындай сунушту Түркмөнстандын Соода жана тышкы экономикалык байланыштар министри Бегенч Гочмоллаев Казакстандын соода жана интеграция министри Арман Шакалиев менен Астанада болгон жолугушуусу учурунда билдирген.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министрлер сооданын мындан аркы өсүшүн камсыз кылуу жана анын оң динамикасын сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоону макулдашты.

Шакалиевдин айтымында, Түркмөнстандын рыногу Казакстандын кайра иштетилген продукциясын экспорттоого чоң кызыгууну жаратууда жана Түркмөнстанга болгон экспортту көбөйтүүнн потенциалы 120,3 миллион долларды түзөт.

Түркмөнстандын Соода жана тышкы экономикалык байланыштар министри өз кезегинде эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө даяр экендигин баса белгилеп өттү.

Арман Шакалиев: “Казакстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен Казакстандын экспорттук кредиттик агенттиги «KazakhExport» түркмөн өнөктөштөрүн узак мөөнөттүү сооданы каржылоо жана камсыздандыруу чөйрөсүндө колдоо көрсөтүүгө даяр”, - деп белгилеп өттү.

Көрүшмө учурунда тараптар, Казакстан «KazakhExport» камсыздандыруусунун алкагында темир жол машина куруу продукциясын жана башка жогорку технологиялык продуктыларды жеткирүүнү уюштурууга даяр экендигин баса белгилешти.

https://business.com.tm/ru/post/11970/turkmenistan-predlozhil-kazahstanu-otkryt-torgovye-doma-v-prigranichnyh-regionah