10.02.24

Борбордук Азияда жаратылыш газын эң көп экспортоочусу болуп эсептелген Түркмөнстан, 2023-жылы өндүрүшүн 6,9%, пайызга, экспортун 12,6% пайызга көбөйткөн.

“Нейтральный Түркмөнстан” гезити тараткан кабарда, 2023-жылы өлкө газын негизинен Кытай, Россия, Азербайжан жана Өзбекстанга сатып, жалпысынан 80,6 миллиард кубометр газ өндүргөн.

Мындай маалымат өкмөт жыйынында жарыяланып, анда президент Сердар Бердымухамедов супергигант “Галкыныш” газ-мунай кенин өздөштүрүү  өлкөнүн өнөр жайынын өнүгүшүндө маанилүүлүгүн жана Каспий деңизинин улуттук секторун чалгындоого жана иштетүүгө чет элдик компаниялардын катышуусуна токтолуп өттү.

Мамлекет башчы ошондой эле “Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия” (TAPI) газ куурунун курулушу көңүл борборунда болуусун тапшырды.

 

  https://report.az/ru/energetika/azerbajdzhan-voshla-v-top-3-osnovnyh-postavshikov-turkmenskogo-gaza-v-2023-godu/