03.04.24

27-28-мартта Ашхабадда өткөн “Түркмөнстанда туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү” аттуу эл аралык конференциянын алкагында, Түркмөнстан жана Кыргызстандын туристтик компаниялары 8 кызматташтык келишимине кол коюшту.

Ошондой эле Кыргызстандын элчилиги, эки өлкөнүн туристтик фирмаларынын өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштурду. Кыргызстандын делегациясы түркмөн кесиптештерине өлкөнүн негизги туристтик багыттары жөнүндө кеңири маалымат беришти. Ошондой эле Кыргызстандын туризм мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн видеоматериалдар көрсөтүлүп,  китепчелер тапшырылды.

Кызматташтык боюнча келишимдерге кол коюу мамлекеттер ортосундагы туризм кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп калды. Эки өлкөнүн компаниялары турларды уюштуруу жана туристтерди алмашуу боюнча биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Туризм тармагындагы байланыштарды чыңдоонун кийинки этабы Түркмөнстандын туристтик компаниялары үчүн Кыргызстанга таанышуу сапарын уюштуруу болот.

https://turkmenportal.com/blog/76238/turkompanii-turkmenistana-i-kyrgyzstana-zaklyuchili-8-soglashenii-o-sotrudnichestve