02.02.24

Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов бейшемби күнү Түркиянын Тышкы иштер министри Хакан Фидан менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда, энергетика жана жарандык авиация тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу, “Anadoly”  маалымат агенттиги билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, тараптар жогорку мамлекеттик деңгээлде жетишилген эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, маектешүүлөр мындан ары саясий, дипломатиялык, соода-экономикалык чөйрөлөрдө өз ара өнөктөштүктүн потенциалын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн жана Түркия жана Түркмөнстандын кызматташтыгына тиешелүү актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери, Түркмөнстан менен Түркиянын ортосунда үзгүлтүксүз байланыштарды улантууну макулдашышты.

https://business.com.tm/ru/post/11350/turkmenistan-ve-turkiye-d%C4%B1shishleri-bakanlar%C4%B1-sivil-havac%C4%B1l%C4%B1k-enerji-ishbirl%C4%9Fini-gorushtuler