23.05.24

Тажикстандын Транспорт министри Азим Иброхим темир жол транспорту өлкө үчүн стратегиялык тармак экенин, аны өнүктүрүүгө 7,5 миллиард долларга жакын каражат бөлүү пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу, Тажикстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Азим Иброхим белгилегендей, Тажикстандын импорттук жана экспорттук жүктөрүнүн 70% пайызга жакыны, темир жол аркылуу ташылат. Тажикстандын өкмөтү темир жолду өнүктүрүү боюнча жалпы баасы 7,5 миллиард долларга жакын ондон ашык мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда.

Тажикстандын Транспорт министри өз сөзүндө, эл аралык өнүктүрүү каржы институттарынын өкүлдөрүнө артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо, өзгөчө эл аралык транспорт коридорлорунда транспорттук жана жол жээгиндеги инфраструктураны куруу жана модернизациялоо мүмкүнчүлүгүн кароого чакырды.

Активно используется коридор «Таджикистан - Узбекистан - Туркменистан - Иран - Турция», который обеспечивает сокращение пути от Китая через территорию Таджикистана.

Азим Иброхим Түштүк-Чыгыш жана Борбор Азия аймактарын, Орусия, Иран, Түркия жана Европа өлкөлөрүн бириктирген мультимодалуу транспорт каттамдарын өнүктүрүүнүн маанисин баса белгиледи. Учурда товарларды кыска убакта жеткирүү үчүн Тажикстандын аймагы аркылуу өтүүчү транзиттик “Тажикстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Түркия” коридору пайдаланылууда.

https://centralasia.news/28578-bolee-75-mlrd-dollarov-napravjat-na-razvitie-zhd-transporta-tadzhikistana.html