20.10.22

Тажикстандан Түркияга Өзбекстан, Түркмөнстан жана Иран өлкөлөрүнүн аймактары аркылуу өткөн алгачкы жүк поезди дүйшөмбү күнү Тажикстандын борбору Душанбе шаарынан жолго чыктты.

Бул тууралуу, Ирандын Жол жана шаарларды  куруу министрлигинин тараткан маалыматына шилтеме берүү менен “Бизнес Түркмөнстан” агенттиги кабарлады.

Салтанатка аталган өлкөлөрдүн делегациялары, транспорт компаниялары жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү  катышты. Ошол эле учурда, Орто Азия өлкөлөрүнөн келген өкүлдөрдүн катышуусунда  логистикалык конференциясы болуп өттү.

Конференциянын жыйынтыгында Иран, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын транспорт ведомстволорунун жетекчилеринин 8-9-октябрь күндөрү Тегеранда болуп өткөн транзиттик кызматташтык боюнча министрлердин биринчи жолугушуусунан кийинки эки күндүк талкуудан соң транзиттик кызматташтыкты өнүктүрүү максатында биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

https://centralasia.media/news:1811902