03.05.24

2032-жылга чейин, Тажикстан толугу менен энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү пландоодо. Бул тууралуу, Тажикстандын биринчи вице-премьер-министри Хоким Холикзода Тбилисиде өткөн Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) жылдык жыйынында “Борбор Азиянын  аймагындагы жашыл нарк чынжырларын каржылоо” темасындагы панелдик талкууда сүйлөп жатып билдирди.

Хоким Холикзода: “Табигый климаттык кыйынчылыктар, Тажикстанда чараларды көрүү үчүн тоскоолдуктарды жаратууда. Бул жаатта саясий эрк керек. Париж келишимин ишке ашыруу боюнча активдүү иш жүргүзүлбөй жатат. Тажикстан бул багытта чоң кадамдарды жасап жатат”, - деп белгилеп өттү.

Ал  2032-жылга чейин, Тажикстан толугу менен энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү пландаштырып жаткандыгын белгилеп келип: “Тажикстан жашыл энергияны  пайдалануу боюнча 6-орунда турат. Ошондой эле жашылдандыруу артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Бул жаатта каржылык мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Биз “Рагун” ГЭСинде жети жыл жоготтук. 2014-жылдан кийин каржы булактарын табууда кыйынчылыктар болду. Долбоордун наркы аяктагандан кийин 6 миллиард долларга чейин көтөрүлдү”, - деп билдирди.

https://qazaqgreen.com/news/central-asia/1944/