10.02.24

Тажикстан азербайжандык компанияларды өзүнүн аймагындагы мунай жана газ кендерин геологиялык чалгындоого тартууну пландаштырууда.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул маселе Азербайжандын Энергетика министри Парвиз Шахбазов менен Тажикстандын Азербайжандагы элчиси Илхом Абдурахмондун жолугушуусу учурунда  талкууланды.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, Тажикстан менен Азербайжандын энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы деңгээлин жана келечегин талкуулашты, ошондой эле республиканын аймагында мунай жана газ запастарын чалгындоодо таасирдүү азербайжандык компаниялардын көңүлүн өзүнө бурду”- деп айтылат.  

Ошону менен бирге тараптар, энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда азербайжандык компаниялардын инвестициялоо маселелерин, атап айтканда, заманбап суу жана күн электр станцияларын курууну, Тажикстанда мунайзат ташуу жана кайра иштетүү ыкмаларын талкуулашты.

Белгилей кетсек, Тажикстанда жалпысынан 28 жакын мунай кени катталган, мунайдын чалгындоодо аныкталган запасы 2 миллион тоннадан ашык болуп эсептелет. Тажикстандын президентине караштуу Статистика агенттигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы Тажикстан 18 миң тоннага жакын мунай өндүргөн.

https://report.az/ru/energetika/tadzhikistan-nameren-privlech-k-geologorazvedke-nefti-azerbajdzhanskie-kompanii/