21.05.24

Түркиянын Стамбул шаарында Түрк инвестициялык фондуна мүчө өлкөлөрдүн башкаруу кеңешинин биринчи инаугурациялык жыйыны болуп өттү. Казакстандын Кеңештеги өкүлү болуп вице-премьер-министр улуттук экономика министри Нурлан Байбазаров дайындалганын  “primeminister.kz” маалымат булагы билдирди.

Түрк инвестициялык фонду түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн экономикалык интеграциясынын биринчи биргелешкен каржы институту болуп саналат. Анын баштапкы капиталы 500 миллион долларды түзөт. Фондду түзүүнүн негизги максаты,  түрк тектүү өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык жана соода байланыштарын өнүктүрүү болуп саналат. Түркиянын Каржы министрлиги 2024-жылдын аягына чейин, түрк мамлекеттери дүйнөлүк экономикада маанилүү орунду ээлеп, экономикасы 1,9 триллион долларга жана калкынын саны 178 миллион адамга жетет деп эсептейт.

Нурлан Байбазаров Казакстан үчүн түрк интеграциясын өнүктүрүүнүн өзгөчө маанисин белгилеп келип: “Казакстандын өкмөтү фонддун ишин баштоону толук колдойт. Фонд өзүнө мүчө өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө жана өнүгүүсүнө катализатор болуп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда инвестициялык кызматташтыкты жана эффективдүү өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө көмөктөшөт деп ишенем”, - деп белгилеп өттү.

Фонддун аткара турган кызматы, түрдүү тармактардагы биргелешкен долбоорлорду колдоого багытталат. Алар инфраструктура, энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба, туризм, IT жана башка тармактарды камтыйт.

Ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономиканы диверсификациялоого багытталат. Фонддун алкагында кызматташуу, Казакстанга социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылоо, грант жана техникалык жардам алууга, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттер менен соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө мүмкүндүк берет.

Эскерте кетсек, Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча келишимге 2023-жылдын 16-мартында Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) чукул саммитинин алкагында кол коюлган. Уюштуруучу өлкөлөр Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия болгон.

https://kapital.kz/economic/125980/tyurkskiy-investfond-ofitsial-no-nachal-svoyu-rabotu.html