24.05.24

Казакстандын Актау шаарында автоунааларды ташуу боюнча, Казакстан жана Кытайдын биргелешкен комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Ошентип, тарыхта биринчи жолу “Кытай-Казакстан-Азербайжан-Грузия” маршруту боюнча “Курык” жана “Баку” деңиз порттору аркылуу товарды алгачкы жолу транзиттик автожол менен ташуу ишке ашырылып баштады. Бул тууралуу, Казакстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстан-Кытай автоунаа комиссиясынын отурумунун алкагында, Кытайдын  Үрүмчү шаарынан чыккан алгачкы 80 тонна жүктөлгөн Кытайдын жүк ташуучу унаасы транзиттик каттам менен үстүбүздөгү жылдын 23-май күнү “Кытай-Казакстан-Азербайжан-Грузия” багыты менен Казакстандын  Актау шаарындагы “Курык” портунда келип жеткен.

Казакстандын Транспорт министрлигинин Автомобиль транспорту жана транспорттук көзөмөл комитетинин төрагасы Али Алтай: “Өткөн жылы Кытай тарап менен автотранспорттук жүк ташуу боюнча кол коюлган келишим, соода мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөрдү жана перспективаларды ачып, өз ара пайдалуу кызматташуунун негизги пункту болуп калды. Тарыхта биринчи жолу эки өлкөнүн унаалары тараптардын бардык ири соода шаарларына түз саякаттоого жана ал тургай аймактар ​​аркылуу транзиттик өтүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бүгүнкү күндө, Кытайдан батыш өлкөлөрүнө жүздөгөн миллион тонна жүк деңиз аркылуу 52 күндө жеткирилет. Андан азыраак көлөмдөгү жүк темир жолу менен 22 күндө  европага келет. Ал эми  автотранспорт менен товар ташуу ушул убакытты  12 күнгө чейин кыскарта алат”, - деп белгилеп өттү.

Эскерте  кетсек, 2023-жылы жүк ташуунун көлөмү 1,5 эсеге өсүп, 1,8 миллион тоннаны түзгөн. 2024-жылдын биринчи кварталында жүк ташуу көлөмү 63% пайызга өсүп, 450,1 миң тоннаны түздү. Негизги ташылган товарларга кагаз жана кагаз целлюлозадан жасалган буюмдар, тамак-аш азыктары, жыгач буюмдары, машиналар, механизмдер жана жабдуулар, мал чарба азыктары жана башка керектүү товарлар кирет.

https://kapital.kz/economic/126092/tmtm-startoval-testovyy-tranzit-kitay-kazakhstan-azerbaydzhan-gruziya.html