29.05.24

Казакстандын Мангыстау облусунун акими Нурдаулет Килыбай менен Түркиянын Актау шаарындагы башкы консулу Сабри Алптекин соода-экономикалык жана маданий-социалдык байланыштарды чыңдоо жана кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу, акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын январь-март айларында, Казакстандын Мангыстау облусу менен Түркиянын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү 4,9 миллион долларды түздү. Учурда облуста түрк капиталынын катышуусунда 103 ишкана иштеп жатат. Башкы консулдун айтымында, Мангыстау облусунда 1,100 түркиялык жарандар каттоодо турат, анын ичинен 550 адам Актау шаарында туруктуу жашап иштешет.

Түркиялык ишкерлер аймактын экономикасына инвестиция салууга кызыкдар. Мисалы, “YDA” компаниясы “Актау” деңиз портуна жакын жерде кеме куруучу завод курууну пландап жатат. Бул тууралуу Сабри Алптекин: “Учурда макулдашуу иштери жүрүп жатат” – деп билдирди.

Мангыстау облусунун акими Нурдаулет Килыбай Түркиянын башкы консулуна эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле жергиликтүү аткаруу органдары соода-экономикалык, энергетикалык, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана маданий-агартуу, социалдык  багыттарда байланышты кеңейтүүгө бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.

https://kapital.kz/economic/126268/turetskaya-kompaniya-planiruyet-postroit-sudostroitel-nyy-zavod-v-mangistau.html