18.06.24

Казакстан жана Азербайжандын байланыш операторлору Каспий деңизинин түбүн бойлой Транскаспий оптикалык интернет байланыш линиясын (ВОЛС) тартуу долбооруна 50,6 миллион доллар (23 миллиард теңгеден ашык) инвестиция салат.

Бул тууралуу, Казакстандын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Жаслан Мадиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Жаслан Мадиев: “Бүгүнкү күндө “Казактелеком” АК (Казакстандын улуттук телекоммуникация компаниясы) менен “AzerTelecom” компаниясы ортосунда биргелешкен ишкана түзүлүп, суу астындагы оптикалык интернет кабелди тартуу боюнча подрядчик компанияны тандоо тендери аяктап калды. Каспий деңизинин түбүнөн өтүүчү интернет кабелдин узундугу 370 километр болот”, - деп белгилеп өттү.

Каспий деңизинин түбүн бойлото, Транскаспий оптикалык интернет кабель байланыш линиясы (FOCL) долбоору, Европа менен Азиянын ортосунда санариптик телекоммуникация коридорун түзүүгө багытталган “Санариптик Жибек Жолу” долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү 2025-жылга чейин аяктоо пландалган.

Эскерте кетсек, суу астындагы интернет оптикалык кабели байланыш линиясы Актау – Сумгаит багыты боюнча өтөт. Максималдуу өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 400 Тбитке жетет.

https://report.az/ru/ikt/nazvan-obem-investicij-azerbajdzhana-i-kazahstana-v-prokladku-optovolokna-po-dnu-kaspiya/